← Артка

Ысык тамактар

Демделип бышкан уйдун кабыргасы

500 гр
10-15
950 сом
Сыпаттама: Назик жана ширелүү уйдун кабыргалары 8 саат бою жай отто бышырылып, өзгөчө жумшактыкка жана бай даамга жеткирилет. Айылча куурулган картошка жана назик картошка пюреси менен берилет.

Бешбармак

470 гр
15 мүнөт
590 сом
Сыпаттама: Бешбармак — жумшак болуп бышкан ширелүү эт, жука жайылган кесме жана бай даамдуу сорподон турган улуттук тамак. Салттуу ашкананын терең даамын ачып берген тойгузуучу жана өзгөчө тамак.

Босо лагман

460 гр
15 мүнөт
450 сом
Сыпаттама: Кол менен чоюлган кесме, ширелүү эт, жаңы жашылчалар жана бай табигый чыгыш татымалдары менен даярдалган куурулган лагман. Катуу отто бышырылгандыктан өзгөчө даамга жана бай жытка ээ болот. Тойгузуучу, даамдуу жана чыныгы чыгыш ашканасынын даамын тартуулаган тамак.

ГЮРУ ЛАГМАН

460 гр
10-15 мүнөт
450 сом
Сыпаттама: Гюро лагман кол менен чоюлган кесме, жумшак уй эти, болгар калемпири, басай капустасы, сельдерей жана шалкан кошулуп, коюу жана жыпар жыттуу соус менен даярдалат. Бай жана өзгөчө даамы алгачкы ууртамдан эле табитти ачат.

Инжик

1250 гр
30 мүнөт
1 570 сом
Сыпаттама: Жумшак болгонго чейин жай бышырылган койдун жилиги. Бай соус жана жыпар жыттуу татымалдар менен сиңирилип, өзгөчө даамга ээ болгон. Ооздо эрип кеткендей ширелүү эт — тойгузуучу, өзгөчө жана чыныгы чыгыш дасторконуна татыктуу тамак.

Микс салаты менен тооктун төш эти

450 гр
15 мин
590 сом
Сыпаттама: Назик жана ширелүү тооктун төш эти жаңы жашылчалардан даярдалган микс салаты менен айкалышып, өзгөчө даам тартуулайт. Даамдуу жана пайдалуу тамактанууну жактыргандар үчүн эң сонун тандоо. Ар бир тиштеми жеңилдик жана ырахат тартуулайт. Туура жана тең салмактуу тамактанууну каалагандар үчүн идеалдуу тамак!

Картошка пюреси менен тоок рулети

460 гр
20 мүнөт
610 сом
Сыпаттама: Моцарелла сыры жана шпинат менен толтурулган жумшак тоок рулети, брокколи соусу жана абадай жеңил пюре менен берилет. Назик даамы, өзгөчө айкалышы жана көрктүү сунушталышы менен айырмаланган тамак.

Куурдак

500 гр
15 мүнөт
720 сом
Сыпаттама: Жаңы, сапаттуу эттен, табигый татымалдар менен даярдалган улуттук тамак. Кытырак картошка жана жыпар жыттуу пияз кошулуп, нукура кыргыз даамын тартуулайт. Тойгузуучу, даамдуу жана чыныгы улуттук ашкананын сыймыгы болгон тамак.

ЭТ МАНТЫ

420 гр
10-15 мүнөт
420 сом
Сыпаттама: Ширелүү, сапаттуу эт жана табигый азыктар менен даярдалган бууга бышкан манты. Курамында химиялык кошулмалар жана жумшарткычтар жок. Назик даамы, жыпар жыты жана үйдө жасалгандай нукура даамы менен айырмаланат.

Ашкабак жана эт манты

6 штук
10-15 мин
390 сом
Сыпаттама: Жука, назик камыр, ширелүү эттүү фарш, ашкабак, пияз жана жыпар жыттуу татымалдар. Буулантып, эң сонун жумшактыкка чейин бышырылган манты эт менен ашкабактын ширелүү даамы жана жагымдуу жыты менен өзгөчөлөнөт.

Жумшак уй этинен котлет, мамык пюре менен

380 гр
15-20 мүнөт
680 сом
Сыпаттама: Тандалган уй этинен даярдалган ширелүү котлеттер алтын түстүү болуп бышырылып, үстүнө эритилген сыр кошулат. Ооздо эрип кеткендей жумшак картошка пюреси менен сунушталат. Даамдуу, тойгузуучу жана үй ашканасынын сүйүктүү классикалык тамагы.

ТАШКЕНТ ПАЛООСУ

450 гр
10-15 мүнөт
420 сом
Сыпаттама: Чачырама күрүч, жумшак эт, сабиз жана жыпар жыттуу татымалдар менен даярдалган өзбек ашканасынын классикалык тамагы. Бай даамы, салттуу даярдоо ыкмасы жана нукура чыгыш даамы менен өзгөчөлөнөт.

Чайкана палоосу

450 гр
10-15 мүнөт
450 сом
Сыпаттама: Тандалган эт, жыпар жыттуу күрүч жана табигый татымалдар менен даярдалат. Бай даамы жана салттуу чыгыш рецепти менен айырмаланып, тойгузуучу жана нукура чыгыш ашканасынын даамын тартуулайт.

,,Салам’’ фирмалык кофте — сыр салмасы жана жашылча гарнири менен.

350
25-30
655 сом
Сыпаттама: Ичине назик сыр толтурулуп, кызарта бышырылган эки ширелүү эт кофтеси .Жаңы жашылчалар жана жыпар жыттуу көк чөптөр менен берилет. Эттин бай даамы, эриген сырдын жумшактыгы жана пайдалуу жашылчалардын эң сонун айкалышы.